Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы V кезектеги сессиясы
2024-жылдын 25-июну №37
Ак-Терек айыл аймагынын келишим менен мурдатан бери иштеп келе жаткан кызматкерлердин штатын жана эмгек акысын бекитүүгѳ, “Достук” эс алуу паркына багбанчы кызмат ордун ачууга жана аксакалдар сотторун бекитүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К. Абдыраевдин сунушун угуп жана талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Келишим менен мурдатан бери иштеп келе жаткан кызматкерлердин штатын жана эмгек акысын бекитүүгѳ, “Достук” эс алуу паркына багбанчы кызмат ордун ачууга жана аксакалдар сотторун бекитүүгѳ макулдук берилсин.
2. “Достук” эс алуу паркынын багбанчысынын эмгек акысы айына 15 000 (он беш миӊ) сом, аксакалдар сотунун тѳрагасынын эмгек акысы айына 2500 (эки миӊ беш жүз) сом мүчѳлѳрүнүкү эмгек акысы айына 1000 (бир миӊ) сомдон бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р.А.Молдобаевага милдеттендирилсин.
Төрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева