Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакыруунун 19-(кезектүү) сессиясы
2022-жылдын 30-ноябры № 31
Фрунзе айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актысын күчүн жоготуу деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна ылайык, ошондой эле Фрунзе айылдык кеңешинин төрагасы Ш.Ш.Исмаиловдун №320 (Комсомол-Бишкек) маршруту боюнча жол кире акысын кайра карап чыгуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-сентябрындагы №16 токтомунун, тактап айтканда, Комсомол айылынан Бишкек шаарына чейинки №320 маршрутунун бир жүргүнчүнүн жол кире акысы -27сом деп бекиткен тиркемесинин 1-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ушул токтомдун 1 пунктуна ылайык Комсомол айылынан Бишкек шаарына чейинки №320 маршрутунун бир жүргүнчүнүн жол кире акысы төмөндөгүгө ылайык бекитилсин:
· Комсомол айылынан Бишкек шаарына чейин – 25 сом;
· Окуучулар үчүн (айыл ичинде) – 5 сом.
3. Киргизилген өзгөртүүлөр 2022-жылдын 20-декабрынан баштап күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |