Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу №38
Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жана жер мунапысын жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүү жөнүндөгү” жобого ылайык Ак-Терек айыл аймагында курулган курулуштардын ээлеген жер аянттарын бекитүү жөнүндө Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүү жөнүндөгү” жобого ылайык, Ак-Терек айыл аймагында курулуп калган курулуштардын жер аянттарын:
1. Кара-Коо айылы- 0,15 га
2. Кызыл-Туу айылы -0,15 га
3. Бар-Булак айылы - 0,15 га
4. Дѳӊ-Талаа айылы -0,15 га
5. Комсомол айылы - 0,15 га
6. Коӊур-Ѳлѳӊ айылы -0,15 га
7. Тогуз-Булак айылы - 0,15 га
8. Кѳл-Тѳр айылы - 0,15 га
9. Ала-Баш айылы - 0,15 га га өлчөмдѳрүндө бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.
Төрага Б.Б. Барыктабасов