Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу №40
Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча сунуштама киргизүү жөнүндө
__________________________________________________________________________
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн №01-9/357 чыгыш санду сунушунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын,Ак-Терек айыл аймагынын Калкагар айылынын участкасынан №196, 197, 189, 212, 211, 207, 221, 238 контурунда жайгашкан 31,7 га жер аянтыначарбалык курулмаларды орнотууга, жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын Калкагар айылынын участкасынан №196, 197, 189, 212, 211, 207, 221, 238 контурунда жайгашкан 31,7 га жераянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.
Төрага Б.Б. Барыктабасов