Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакыруунун 19-(кезектүү) сессиясы
2022-жылдын 14-декабры № 34
Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы – С.К. Кубанованын бюджеттин киреше бөлүгү ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу, Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылдын жыйынтыгы менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы 300,3 (үч жүз миң үч жүз) сомго ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу Фрунзе айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 300,3 (үч жүз миң үч жүз) сомго көбөйтүлсүн.
2. Фрунзе айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу, чыгаша бөлүгү төмөндөгүгө ылайык көбөйтүлсүн:
· Аппарат бөлүмү:
Соттун чечимин аткаруу – 2823 беренесине –220,3 (эки жүз жыйырма миң үч жүз) сом. (ГД-2268/22-Ч6 иш боюнча доонун мамлекеттик алымды төлөөгө);
· Турак жай коммуналдык бөлүмү:
Ар башка чыгымдар – 2215 беренесине – 80,0 (сексен миң) сом – (Ит атууга).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |