Редакцияот 28.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

2023-жылдын 28-августу № 3

Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдын алты ай ичи бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдын алты ай ичи бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновтун отчетун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезектеги XX - сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн 2023-жылдын алты ай ичи бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновдун отчету эске алынсын.

 

2.    Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 2023-жылдын алты айга карата такталган планы 14 497,6 миң сом, жыл башында бекитилгени 13 927,2 миң сом болуп, анык кирешеси 17 888,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

 

3.Чыгаша бөлүгү смета боюнча такталган планы 21 127,4 миң сом, жыл башында бекитилгени 13 927,2 миң сом болуп, 13 744,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

 

4. Өндүрүлбөй калган салыктарды жана ижаранын түрү боюнча баардык ижара акыларды өндүрүп, кошумча киреше булактарын таап, бюджетти толтуруу финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновко милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.К.Кубатбеков