Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакыруунун 19-(кезектүү) сессиясы
2022-жылдын 14-декабры № 35
Атайын эсебиндеги киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы – С.К. Кубанованын бюджеттин киреше бөлүгү ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу, Фрунзе айыл өкмөтүнүнүн атайын эсебинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап,Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылдын жыйынтыгы менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин киреше бөлүгүнүн планы төмөндөгүгө ылайык ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу:
· Берене 1423 – акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешелер - +540,0 миң сом.
Жогоруда айтылгандарга ылайык, Фрунзе айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин киреше бөлүгү 540,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Фрунзе айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу, чыгаша бөлүгү төмөндөгүгө ылайык көбөйтүлсүн:
· Бала-бакча бөлүгүнө
Берене 2218 Тамак-аш сатып алуу– 540,0 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |