Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу №43
Ак-Терек айыл аймагындагы Р. Жангазиев атындагы жалпы орто билим берүү мектептин эски имаратынын күн чыгыш тарабынан кѳп кабаттуу үй куруу үчүн мамлекеттик ипотекалык компанияга 0,50 га жер бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин билдирүүсүн жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын сунушун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагындагы Р. Жангазиев атындагы жалпы орто билим берүү мектептин эски имаратынын күн чыгыш тарабынан кѳп кабаттуу үй куруу үчүн мамлекеттик ипотекалык компанияга 0,50 га жер бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын ѳзүмѳ калтырам.
Төрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева