Редакцияот 16.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясынын

2023-жылдын 16-октябры № 63

Жерге-Тал айылы «16» октябрь 2023-жыл Көк-Арт айыл аймагындагы Жерге-Тал айылындагы аты жок көчөгө ат коюу жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Көк-Арт айылдык кеңешинин регламентин негиздеп укук жана мыйзамдуулук комитетинин отурумунун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы токтом кылат:

1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылынын Жалал-Абад Балыкчы жолунан насосныйга кеткен жолго гидропостко чейин Эгембердиев Шермаматтын аты коюлсун.

2. Арыз ээси Ж. Эгембердиевге көчөгө оңдоп-түзөө жана иш кагаздарын алып баруу жагы жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы А.Батыровго жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

А. А. Энназаров.