КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясынын
2023-жылдын 16-октябры № 61
Республикалык бюджеттен келген акча каражаты жөнүндө
Көк-Арт айылдык кеңешинин 5-сентябрь 2023-жылдагы № 46 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына жана Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык , айыл чарба жерлерине тийешелүү жерлерге мүлк салыгын төлөөгө мараторий киргизилгендигине байланыштуу , бекитилген бул салыктын түрүн компенсациялоо максатында республикалык бюджеттен келген 318,5 миң сом максаттуу трансферти 70629-бөлүмдүн 3111-имараттар жана курулуштар беренесине Скважиналарды оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн акча каражаты мамлекеттик сатып алуу ларга бир канча жолу кайталанып берилип эч ким катышпагандыктан Көк-Арт Суу-Тазалык ишканасына түздөн түз которулуп, ишкана аркылуу жумуш аткарылсын.
2. 2023-жылга бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн https://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Жумуковко жүктөлсүн.
Төрага: |
| А. А. Энназаров. |