Редакцияот 28.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезектеги XX - сессиясы

2023-жылдын 28-августу № 13

Ношкен айылынын К.Абдырахманов көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ношкен айылынын К. Абдырахманов көчөсүнүн тургундарынын электр мамычаларынын эски жана начар абалда болгондугуна байланыштуу жаңы талапка жооп берүүчү электр мамычаларына алмаштырып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги XX – сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ношкен айылынын К. Абдырахманов көчөсүнүн талапка жооп берген электр мамычаларга алмаштыруу жөнүндөгү жазган кайрылуулары эске алынсын.

 

2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтү бюджетинин жыл башында айыл аймагындагы жаңы конуштарга жана эски мамычаларды алмаштырууга каралган акча каражатынан алмаштырып берүү жагы каралсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.К.Кубатбеков