Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жылынын 17-майы №3
“Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылында жайгашкан № 2027 Бүргөндү аскердик чек ара заставасынын айланасын тосмолоо үчүн 10 % дык депозиттик салымын ажыратып берүү жөнүндө”
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылына жайгашкан № 2027 Бүргөндү аскердик чек ара заставасынын айланасын тосмолоо боюнча 1450 000 сомдук долбоордук смета түзүлүп, ишке ашыруу максатында Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна тапшырууга өтүнмө даярдалып жаткандыгына байланыштуу долбоордун сметалык баасынын 10 % дык депозиттик салымына жергиликтүү бюджеттен 145 000 сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун № 2027 Бүргөндү чек ара заставасын бетондоп тосмолоо долбоорун ишке ашыруу сунушу эске алынсын.
2.Кыпчак-Талаа айылында жайгашкан № 2027 Бүргөндү аскердик чек ара заставасын бетондоп тосмолоо долбоору 2024-жылга артыкчылыктуу долбоор деп табылсын.
3.Долбоордун сметалык баасынын 10 % дык депозиттик салымына жергиликтүү бюджеттен 145 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
4.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |