Редакцияот 04.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

2023-жылдын 4-октябры № 5

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн муниципалдык жерлерде жайгашкан уюлдук операторлордун ижара акыларынын тарифин жогорулатуу жөнүндө

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн муниципалдык жерлерде жайгашкан уюлдук операторлор “Скай Мобайл” ААК, “НУР Телеком” ААК, “Альфа Телеком” ЖАК дорунун ижара акыларынын тарифин эске алып Бүргөндү айыл өкмөтүнүн кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXII кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Башчысы Ш. Алыкуловдун сунушу эске алынсын.

 

2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн муниципалдык жерлерде жайгашкан уюлдук операторлор “Скай Мобайл” ААК, “НУР Телеком” ААК, “Альфа Телеком” ЖАКдорунун ижара акыларынын тарифин эске алып 25 чарчы метр жерге ар бир айга 9 000 (тогуз миң) сомдон бекитилсин.

 

3. Аталган уюлдук оператор ишканалары менен тиешелүү келишим түзүү жана келишимдин аткарулуусун көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Кубатбеков