Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын

 

2024-жылынын 17-майы  №2

 

“Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн эмгек акыдан

үнөмдөлгөн бюджеттик акча каражатын кароо жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” токтомуна ылайык, 2024-жылдын 25-мартында Бүргөндү жана Достук айыл өкмөттөрү бириктирилип, Бүргөндү-Достук айыл өкмөтү уюшулгандыгынын негизинде, айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги кыскартылып, эмгек акыдан үнөмдөлгөн 8000,0 млн сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

 

1.2024-жылдын 25-мартында Бүргөндү жана Достук айыл өкмөттөрү бириктирилип, Бүргөндү-Достук айыл өкмөтү уюшулгандыгынын негизинде, айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги кыскартылып, эмгек акыдан үнөмдөлгөн 8000,0 млн сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунушу эске алынсын.

2.Эмгек акыдан үнөмдөлгөн 8000,0 млн сом акча каражатты төмөндөгүдөй жумуштарга, тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

Б.Кубатов

 

 

 

 

 

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин

XХVIII чакырылышынын кезектеги

VI сессиясынын № 2

токтомунун тиркемеси

Эмгек акыдан үнөмдөлгөн

8000,0 млн сом акча каражатынын бөлүштүрүлүшү

 

 

№

Аталышы

Каралган акча каражаты

Аткарылышын камсыздоо

Аткарылышын көзөмөлдөө

1

Айыл өкмөтүнүн имаратын ремонттоого

3910,0 млн сом

Б.Календеров

Ө.Калмуратов

2

Маданият үйүнүн 2-кабатынан паспорт стол үчүн ажыратылган бөлмөлөрдү ремонттоого

678,0 миң сом

Б.Календеров

Ө.Калмуратов

3

Көрктөндүрүү-жашылдандыруу алкагында эгилген арча көчөттөрүн сатып алууга

300,0 миң сом

Б.Календеров

Ө.Калмуратов

4

№ 26 Т.Анаркулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебине видео көзөмөл орнотууга

200,0 миң сом

Б.Календеров

Ө.Калмуратов

5

Айыл аймагындагы бала бакча мектептерге

3000,0 млн сом

Б.Календеров

Ө.Калмуратов

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

Б.Кубатов