Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 30-июлу № 32/7
“Кулунду айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерин жеке менчик жер участогуна алмаштыруу жөнүндө”
Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. К. Ташбалтаевдин сунушун жана маалыматын угуп, Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №32/1-протоколунун чечиминин 8-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айылынын тургуну Кудайбердиев Ташматтын 8-03-07-1001-0679 кодундагы жеке менчик жер участогуна өзгөртүү киргизип, жер участогунун жанындагы Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу эски жолдун ордун, Кулунду өкмөтүнүн муниципалдык мечигиндеги Кулунду базары тарабындагы жерине алмаштырууга макулдук берилсин. 2. Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Жер, агрардык маселелер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
|
Төрага | А.А.Досов |