Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 30-августу № 34/1

     “Кулунду айыл аймагына караштуу Май-Тоңбос участкасындагы

745,60 га жерин өткөрүп берүү жөнүндө”

   Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, №34/1-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 4-пунктунун негизинде 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Сүлүктү шаардык мэриясы сураган 780,0 га жерди кошмо комиссиянын актында жана Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын корутундусунда көрсөтүлгөн Кулунду айыл аймагына караштуу Май-Тоңбос участкасындагы 745,60 га жер Сүлүктү шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилбесин.

 

2.     Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.  

 

 

 

 

 

Төрага

А.А.Досов