Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 30-августу № 34/3

“Баткен облустук Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн карамагына өткөрүп берүү жөнүндө”

 

               Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  34-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап,                    №34/1-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагынын Максат айылынын түндүк тарабындагы  №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14 сел сактоочу курулмасы жайгашкан 11,77 га жерди Баткен облустук Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. 
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

    

 

 

 

Төрага

А.А.Досов