КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 30-августу № 34/5
“Кулунду айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен бөлуп берүү жөнүндө”
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №34/1-протоколунун чечиминин 2-бөлүмүнүн 1-2-3-4-пункттарынын жана 3-бөлүмүнүн 3-4-пункттарынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкты тейлөө борборунун аймагын көрктөндүрүү үчүн жана капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 300 000 (үч жүз миң) сом жана “Үгүт насаат үйүнүн” имаратынын бир бөлмөсүнүн полун жаңылоо 90 000 (токсон миң) сом акча каражаты Кулунду айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Булак-Башы айылын чайхананы капиталдык оңдоодон өткөрүү үчун 1 690 000 (бир миллион алты жүз токсон миң) сом жана Ак-Арык айылындагы чайхананы капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты Кулунду айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. “Кулунду-Раззаков” суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан Кулунду айыл аймагына караштуу “Майты” участкасына 2024-жылдын апрель айынан тартып август айларынын ичинде тигилген дарактарды суугарууга 217200 (эки жүз он жети миң эки жүз) сом Кулунду айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
4. Кулунду айылындагы түнкү жарыктандырууларды орнотуу жана эскилиги жетип, сынып калган траверстерди алмаштыруу, сатып алынып, бирок аба чубалгысы жетпей калып орнотулбай турган түнкү жарыктандырууларды орнотуу үчүн 300 (үч жүз) метр электр чубалгыларын сатып алууга 30000 (отуз миң) сом, ал эми Кулунду көчөсүндөгү жолду бузуп, башаламан агып жаткан пайноо арыктарга 10 (он) даана суу түтүкчөсүн сатып алуу үчүн 27000 (жыйырма жети миң сом), ошондой эле, ички көчөгө жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол куруу үчүн 18 м3 шагыл сатып алуу үчүн 16200 (он алты миң эки жүз) сом керектелет. Жалпы суммасы 73200 (жетимиш үч миң эки жүз) сом акча каражаты Кулунду айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
5. Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылына заманбап спорт комплексин куруу үчүн жер сатып алууга Кулунду айылд өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. Лейлек району боюнча кыз-келиндер арасында өткөн волейбол оюнунда мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн Шарип кызы Жанаранын окуу акысына кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен 12000 (он эки миң) сом сый акы катары каралып берилсин.
7. Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | А.А.Досов |