Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 359
Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык кызматкерлерине жана илимий-педагогикалык кадрларына кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык кызматкерлеринин жана илимий-педагогикалык кадрларынын кошумча кесиптик билим алуусун укуктук жөнгө салуу максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын илимий, илимий-техникалык кызматкерлерине жана илимий-педагогикалык кадрларына кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, карамагында илимий жана илимий-техникалык уюмдар бар болгон мамлекеттик органдар, жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |