Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жылынын 17-майы №1
“2024-жылга Кочкор-Ата токой чарбасынын мамлекеттик токой фондусунун жайыт аянттарында жылкы, кара мал майда жандыктардын түрлөрүнө карата белгиленген жайыт акы өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө”
2009-жылдын 26-январы № 30 Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кочкор-Ата токой чарбасы мекемесинин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата токой чарбасы мекемесинин жетекчиси М.З.Маматкуловдун жайыт акы өлчөмдөрүн бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.
2.Кочкор-Ата токой чарбасы мекемеси тарабынан иштелип чыккан жылкы, кара мал майда жандыктардын түрлөрүнө карата белгиленген жайыт акы өлчөмдөрү төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
Жылкы – 49,00 сом;
Кулун, тай – 24,50 сом;
Кара мал – 49,00 сом;
Торпок – 24,50 сом;
Кой – 16,00 сом;
Козу – 8,0 сом.
3.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |