Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2024-жылынын 21-июну №1
““Жаңы-Арык айылындагы №18 М. Молдалиев атындагы
орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттоо”
долбоорун ишке ашыруу жөнүндө”
“Жаңы-Арык айылындагы №18 М.Молдалиев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттоо” долбоорун ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн социалдык экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн социалдык экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовдун Жаңы-Арык айылындагы №18 М.Молдалиев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалыматы эске алынсын жана аталган долбоор артыкчылыктуу деп табылсын.
2.Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна тапшыруу максатында жалпы сметалык суммасы 7156922 (жети миллион бир жүз элүү алты миң тогуз жүз жыйырма эки миң) сомду түзгөн Жаңы-Арык айылындагы №18 М.Молдалиев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттоо долбоорунун сметасынын 26% депозиттик салымы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1856922 ( бир миллион сегиз жүз элүү алты миң тогуз жүз жыйырма эки миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Бүргөндү- Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровко милдеттендирилсин.
4.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |