БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2024-жылынын 21-июну №3
““Ууру – Жар айылындагы Борсолдой көчөсүнө Өзгөчө кырдаалдар боюнча административдик имаратын жана өндүрүштүк базасын куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө”
“Ууру – Жар айылындагы Борсолдой көчөсүнө Өзгөчө кырдаалдар боюнча административдик имаратын жана өндүрүштүк базасын куруу”долбоорун ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн социалдык экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн социалдык экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовдун Ууру – Жар айылындагы Борсолдой көчөсүнө Өзгөчө кырдаалдар боюнча административдик имаратын жана өндүрүштүк базасын куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалыматы эске алынсын жана аталган долбоор артыкчылыктуу деп табылсын.
2.Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна тапшыруу максатында жалпы сметалык суммасы 15 246 202 (он беш миллион эки жүз кырк алты миң эки жүз эки) сомду түзгөн Ууру – Жар айылындагы Борсолдой көчөсүнө Өзгөчө кырдаалдар боюнча административдик имаратын жана өндүрүштүк базасын куруу долбоорунун сметасынын 13% депозиттик салымы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2 000 000 ( эки миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровко милдеттендирилсин.
4.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |