Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2024-жылдын 13-cентябры № 107
С. Кожобаева атындагы жатак гимназия-мектеби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” №519 токтомун, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын “Баткен районунун аймагындагы мектеп-гимназиялар жөнүндө” 2024-жылдын 11-сентябрындагы №84т токтомун аткаруу максатында Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” №519 токтому аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” №519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү жөнүндө типтүү жобого ылайык иш алып барылсын.
3. Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан С.Кожобаева атындагы жатак гимназия-мектеби кайра С.Кожобаева атындагы жалпы билим берүү жатак мектеби болуп түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Полотовго тапшырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |