Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2024-жылдын 13-cентябры № 108
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан түшкөн сунуштарды кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы менен таанышып чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал- Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргузүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында келтирилген сунуштар (бюджеттик жана атайын каражаттарынын кассалык, казыналык эсептери боюнча операциялар, штат бирдиктердин жана эмгек акы төлөө фондусунун туура түзүлүшү, резервдик фонддун уюштурулушу жана анын максаттуу пайдалануусу, сапар чыгымдары, мамлекеттик айыл-чарба кайра бөлүштурүү фондусунун жерлеринин пайдалануусу жөнүндө) Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан аткарууга алынсын.
2. 2022-жылдын 31-декабрына өндүрүлбөй калган 24,8 миң сом карыздарды айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө ордуна койуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан иш алып барылсын.
3. Каржы бузууларга жол берген жооптуу кызматкерлер - айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Ражаповго жана жер адиси С.Аппазовго эскертүү берүү жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновго тапшырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |