ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XII сессиясы
2023-жылдын 19-апрели № 12/1
Жазгы талаа жумуштарына даярдыктын абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагында жазгы талаа жумуштарына даярдыктын абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын уюштуруу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Кетирилген кемчилдиктерди оңдоо менен бирге айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын уюштуруу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жыл аягына чейин көңүл сыртында калтырбай, аймактарды өнүктүрүү боюнча кабыл алынган иш-чаралардагы тапшырмалардын айыл аймагындагы мекеме-уюмдар тарабынан аткарылышын дайыма көзөмөлдөө менен бирге жол боюндагы арыктардын талаптагыдай деңгээлде болушуна, эгилген көчөттөрдүн куурап калышына жол бербөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго, айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловго, айыл аймагындагы мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөалуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.
Төрага | А.Кадамбаева |