Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2024-жылдын 13-cентябры № 109
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2023-2025-жылдар аралыгына түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планына кошумча долбоорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамын жетекчиликке алып, Самаркандек айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Таабалдыеванын билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Алыкул Осмонов атындагы орто мектебинин чатырын капиталдык оңдоп тузөтүү иштери долбоору айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү планына киргизилсин:
2. Самаркандек айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана туризм боюнча адиси тарабынан айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү планына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилүүсү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Полотовго тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |