Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 76
Баткен шаарында таза суу төлөмүнүн мөөнөтү өткөн карыздар үчүн
туум пайызын коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4,11-пунктчасына жана Баткен шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 23-июлдагы финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын, архитектура, курулуш иши, транспортжана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарында таза суу төлөмүнүн мөөнөтү өткөн карыздар үчүн туум пайызы төмөнкү тартипте белгиленүүгө макулдук берилсин:
-Таза суунун төлөм акысы 1000 сом болгондо ар бир күн үчүн 0,01 % пайыздык төлөм эсептелсин;
2.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
3.Шаар калкына токтом шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын туруктуу комиссиясына /Н.Абдамитов / тапшырылсын
Төрага | А.Аширов |