Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 77
Баткен шаарынын административдик-аймактык ирилештирүү
долбоорун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администарция жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 7-пунктуна, 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 КРП Жарлыгын аткаруу максатында, Баткен шаарынын административдик аймагын ирилештирүү долбоорун кароонун жыйынтыгы менен Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын административдик-аймагы долбоорун кароонун жыйынтыгы менен Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында жайгашкан 60,30 га жер аянтын түзгөн Миң-Булак айылы Баткен районунун карамагына өткөрүлүп берилүүгө макулдук берилсин.
2.Баткен шаарынын түндүк-батыш тарабы Баткен районунун Миң-Булак айылы менен чектешкен картасын долбоорун түзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.
3. Баткен шаарынын башка аймактары өзгөртүүсүз калтырылсын.
4.Баткен шаарынын ирилештирилген долбоору каралып, өзгөрүүсүз калгандыгын Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө маалымдоо жагы Баткен шаарынын мэриясына /И.Бурканов/ милдеттендирилсин
5.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6.Шаар калкына токтом шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Г.Артыкбаев / тапшырылсын
Төрага | А.Аширов |