Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 78
Баткен шаарында ЕБРРдин “Таза суу жана булганыч сууларды реконструкциялоо” долбоорунун келишимине ылайык Баткен “Таза-Суу жана булганыч суулар” МИ административдик имаратын күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна жана 2015-жылдын октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууга ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 21-августтагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1. Кыргыз Респуликасынын Өкмөтү менен Европа Өнүктүрүү Банкынын 2015-жылдын октябрындагы кредиттик келишимге ылайык, Баткен шаарында “Таза суу жана булганыч сууларды реабилитациялоо” ЕБРРдин долбоору менен курулган “Баткен “Таза суу жана булганыч суулар” муниципалдык ишканасынын 8449445 сомдук административдик имараты, ээлеген 400 м2 жер аянты менен аталган долбоор бүткөнгө чейинки аралыкка күрөөгө коюлууга макулдук берилсин.
2.Күрөөгө коюлууга тийиш болгон имарат кредиттик мезгилде коргоо коопсуздугун сактоо жана колдонуу жагы Баткен “Таза суу жана булганыч суулар” МИ /Олжоев З/ жана Баткен шаарынын мэриясына /И.Бурканов/ эскертилсин.
3.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |