Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 79
Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынын түштүк-чыгыш тарабындагы 65 га өлчөмүндөгү “таштуу жайыт жерлер багытынан”, “социалдык, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика коргонуу жана башка багыттагы жерлер (көп жылдык бактар үчүн) ”, категориясына которууга (трансформациялоого) жана муниципалдык менчиктин карамагына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамына, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 19-август №01-13/3220 катынын, Түштүк аймактык топурак-агрохимиялык станция филиалынын 2024-жылдын 12-марттагы №221 корутундусунун жана Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 21-августагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Чет-Булак аймагынын түштүк-чыгыш №1883; №1885; №1937; №1921; №1866, №1867, №1868, №1869, №1870, №1878, №1879, №1880, №1881, №1882 контурларындагы жалпы 65га өлчөмүндөгү “Айыл чарба багытындагы ” таштуу жайыт жер аянттары муниципалдык менчиктин карамагына алынсын:
- “Социалдык, өнөр жайы, транспорт, байланыш, энергетика коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Чет-Булак аймагындагы 65 га жер аянтын муниципалдык менчиктин карамагына алуу жана жер аянтын которууга (трансформациялоого) керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |