Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 80
Баткен шаарынын Келечек аймактык башкармалыгынын Тоголок Молдо көчөсүндөгү №6 а жайгашкан Кошматов Акжолбай Жакшыбаевичтин 427,7 м2 өлчөмүндөгү “турак жай багытындагы” менчик жеринин аймактык
зонасын, С-1 “ден соолук, билим берүү, маданият жана спорт үчүн чоң аянтчалар ” зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 20-август №01-13/3205 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 21-августтагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Келечек аймактык башкармалыгынын Тоголок Молдо көчөсүндөгү №6 а жайгашкаен Кошматов Акжолбай Жакшыбаевичтин 427,7 м2 өлчөмүндөгү “турак жай багытындагы” менчик жеринин аймактык зонасын, С-1 “ден соолук, билим берүү, маданият жана спорт үчүн чоң аянтчалар ” зонасына которууга макулдук берилсин
2.Кошматов А.Ж жер аянтынына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңшинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |