Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 81
Баткен шаарынын Булак-Башы аймагынын И.Каюмов көчөсүнүн түштүк-батыш тарабындагы 1,0 га өлчөмүндөгү “айыл чарба” категориясындагы жер аянтынын багытын социалдык, муниципалдык жана турмуш-тиричилик багытындагы курулмаларды куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 1,5 –пунктуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 19-августагы №01-13/3220 катына жана Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 21-августагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Булак-Башы аймагынын И.Каюмов көчөсүнүн түштүк-батыш тарабындагы 1,0 га өлчөмүндөгү “айыл чарба” категориясындагы жер аянтынын багытын социалдык, муниципалдык жана турмуш-тиричилик багытындагы курулмаларды куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Булак-Башы аймагынын И.Каюмов көчөсүндөгү 1,0 га жер аянтына керектүү болгон иш кагаздарын жүргүзүүгө тиешелүү Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |