Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XII сессиясы

 

 

2023-жылдын 19-апрели № 12/3

 

Айыл аймагында жашаган калкты пенсия, пособие жана маалыматтар менен тейлөөдө “Кыргыз почтасы” МИнын Ылай-Талаа бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык айыл аймагында жашаган калкты пенсия, пособие жана маалыматтар менен тейлөөдө “Кыргыз почтасы” МИнын Ылай-Талаа бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө бөлүмдүн башчысы А.Мусаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши токтом кылат:

1. Айыл аймагында жашаган калкты пенсия, пособие жана маалыматтар менен тейлөөдө “Кыргыз почтасы” МИнын Ылай-Талаа бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.

2. Айыл аймагында жашаган калкты пенсия, пособие жана маалыматтар менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, пенсия , пособияларды, каттарды мөөнөтүнөн кечиктирбестен үйлөрүнө жеткирүү, калкка маалыматтарды ыкчам жеткирүү, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу “Санарип-Аймак” программасынын алкагында төлөм каражаттарын төлөм терминалдары аркылуу кабыл алуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жагы “Кыргыз почтасы” МИнын Ылай-Талаа бөлүмүнүн башчысы А.Мусаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Жаңыбаев) тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А.Кадамбаева