Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 85
Баткен шаарынын калкын таза суу менен камсыз
кылуунун абалы жөнүндө
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза Суу” муниципалдык ишканасы 2024-жылдын 6 айлыгы боюнча төмөнкүдөй ишмердүүлүгү жүргүзүлгөн:
“Таза Суу” муниципалдыкишканасынаинфодокспрограммасыбоюнча 6(алты) айдын
аралыгында 158(биржүзэлүүсегиз) кат келген, анын 77(жетимишжети) жоопберилген.
Жарандардынкайрылууларынкароодожетекчиликкеалыныпмыйзамдакөрсөтүлгөн
Статьялар сакталган. 2024-жылдын 6 айында 231(экижузотузбир) арызкатталган, аныничиненаткарылганы 190 (жүзтоксон) даана. Катталганарыздардынээсинеөзубагындажоопкайтарылган. Аттулдардынарыздаттануулары каттоого алынып турулат.Баткен шаарында 7500 (жети миң беш жүз) кожолук жашайт, анын ичинен 5000 (беш миң)кожолук таза суу менен камсыз болгон. Ал эми 24 саат таза суу менен Кызыл-Дөң кварталынан900 (тогуз жүз), Келечек кварталынан 800 (сегиз жүз) кожолук камсыздалган. Күнүнө 3 сааттантаза суу графиктин негизинде Кызыл-Жол, Чет-Булак, Базар-Башы, Булак-Башыкварталдарына жана Кызыл-Дөң, Келечек кварталдарынын күн чыгыш тарабына берилет.2023-жылда Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана Баткен шаарынын мэриясытарабынан колго алынып, Булак-Башы кварталына 2000 метр жана Базар-Башы кварталына1300 метр таза суу линиясы тартылган. Ошондой эле Араб эмираты фондунан каржыланып Чет-Булак кварталына 11км таза суу линиясы тартылып, график менен күнүнө 3 сааттан таза сууберилип жатат. 2024-жылы ушул эле Араб эмираты фондунун колдоосу жана Баткеншаарынын мэриясы менен биргеликте 17км таза суу линиясы, 2000м3 суу кампасы курулууалдында турат. Бүгүнкү күндө “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күнсайын шаардын айланасында болуп жаткан авариялык иштерди тынымсыз көзөмөлдөөдө.
Баткен шаарында таза сууну колдонуучулардын эсебин алуу максатында 2024-жылдын
1-февралынан баштап ар бир үй менен контролёр- кассирлер келишим түзүүдө.Ал эми обаненттердин саны 5515 түзүп мурдагы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 436 адамгакөп же болбосо 108,6%га аткарылган.Баткен шаарынын М.Дүйшөев жана Бакай-Ата,Т.Садыков көчөсүндө узуну 12 метр диаметри 180 мм болгон полиэтилин труба жарылган,ошонун ордуна темир труба, И.Разаков көчөсүндө диаметри 315 мм болгонполиэтилин труба га алмаштырылган. Бул суу линясы Кызыл-Дөң, Базар-Башы, Булак-Башы кварталындагы элдерди таза суу менен камсыздоого түздөн-түз баруучу линя.
Шаар калкын 24 саат таза суу менен камсыздоо максатында 2017-жылдан бери карай ЕБРРдин долбоору менен жасалып жаткан долбоор толугу менен аткарылып бүтө элек. Бул долбоорго түшүндүрмөлөр ар бир сессияда такай берилип, көзөмөлдөнүп келет.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылууда кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2.Шаар калкын үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Баткен шаарынын мэриясы жана Баткен-Таза-Суу МИ жүргүзүлүп жаткан иштерине кошумча альтернативдүү иш чараны иштеп чыгуусу сунушталсын.
3.Баткен шаарында жүрүп жаткан ЕБРРдин долбоору менен шаар калкы толук түрдө таза суу менен камсыздоонун чараларында кетирилген кемчиликтерди тактоо үчүн жумушчу комиссия түзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын
4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
5.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |