Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 86
Баткен шаарынын аймагында билим берүү жана мектепке чейинки мекемелердин күз-кышка карата даярдыгы жөнүндө
2024-жылдын 15-августунда жүргүзүлгөн комиссиялык текшерүүнүн курамына Баткен шаардык мэриясынын, шаардык кеңештин,шаардык билим берүү бөлүмүнүн, ӨКМдүн Баткен шаардык бөлүмүнүн, Баткен ПЭСтин өкүлдөрү адис катары кирип төмөнкүлөр аныкталган:
А. Имаров – КызылТопу атындагы №3 орто мектеби
2023-2024- окуу жылына карата мектепти оңдоп-түзөөгө 140624 сом акча бөлүнүп, ремонтто иштери толук аткарылган. Мектептин спорт залы оңдоодон өтүп, вентиляция тутуму жаңыдан орнотулган. Мектептин аймагында өзгөчө кырдаалдар үчүн суу кампасы жок. Ашкана окуучулар үчүн тардык кылат. Мектептин көмөк чордонуна туташкан турак үйлөр бар. Кыш мезгили үчүн 110 т көмүр түшүрүлөт.
С. Огата атындагы орто мектеби
Мектептин аянтын чектеген тосмо жок. Тосмонун жоктугу окуучулар үчүн кооптуу жагдайга себеп болот. Билим берүү мекемесинин айланасындагы бак дарактарды сугаруу үчүн сугат суу жок. Ушунун натыйжасында жаңы тигилген ийне жалбырактуу көчөттөр, гүлдөр дээрлик кургаган. Мектептин аймагында суу кампасы мугалимдердин демилгеси менен курулган. Ашкана тартыштыгы бар. Балдар талапка жооп бербеген жайда тамактанышат. 200 бала тамактанат. Ашканага бир киргенде 22-24 гана бала сыят. 18 т көмүр түшүрүлөт. Ремонттоо үчүн 74 000 сом акча каражаты каралган.
В. И. Ленин атындагы орто мектеби
1800 окуучу билим алган бул мектепке оңдөп-түзөө үчүн 147 000 сом акча каражаты бөлүнгөн. Актап-сырдоо иштери аткарылган. Бирок бул билим уясы капиталдык оңдоого муктаж. Электр зымдары эскирген, терезелер толук жабылбайт, кышында суук кирет.Чатыры эскиргендиктен жаан-чачын кирет. Жаңы курулган ажаткана суу насосу жоктугунан иштебей турат. А эски ажаткана авариялык абалга келген. Баткен ПЭСтин кызматкерлери тарабынан мектеп жетекчилине бир нече эскертүүлөр берилди.
№4 мектеп-гимназиясы
Оңдоо иштери дээрлик аяктаган. Ал үчүн 110 000 сом ака каражаты бөлүнүп берилген. Былтыркы жылкы күз-кыш мезгилинен 39 тонна көмүр артып калган. Жаңы окуу жылы үчүн дагы 51 т көмүр түшүрүлөт. Мектептин актовый залынын чатырынан жаан-чачын учурунда суу өтөт. Бул көйгөйдү тез аранын ичинде чечүү менен оңдоп түзлбөсө ал жер акырындык менен тез эле чоң көйгөйгө айланаары турган иш.
С. Айтматов атындагы орто мектеби:
Жаңы имарат салынып жаткандыгына байланыштуу бул мектепте ремонттоо иштери үчүн акча бөлүнгөн эмес. Жаңы мектеп 500 окуучуга ылайыкталып, 146 000 000 сомдук сметалык баа менен курулуп жатат. Курулуш 85-90 пайыз бүтүрүлгөн. Мектеп октябрь айында облустун 25 жылдык маарекесине карата пайдаланууга берилет.
Ж. Садыков башталгыч мектеби
Аталган мектепте 62 окуучу билим алат. Ремонтто иштери үчүн жетиштүү деңгээлде каражат бөлүнгөн. Мектептин аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн суу кампасы жок. Мектептин алдында эскилиги жетип, сүрдүрүлүшү керек болгон эски имарат бар. Бул эски имарат окуучулардын коопсуздугу үчүн көйгөй жаратышы мүмкүн. Маршруттук каттамдар мектепке чейин каттаса максатка ылайык болот.
Кызыл-Жол орто мектеби
330 орундуу мектепте 605 окуучу билим алат. Мектептин эскилиги жеткен. Жаңы имаратка муктаждык бар. Мектептин корпустары фин ыкмасы менен, ашар жолу менен курулган. Айрым корпустар авариялык абалга кептелгени үчун колдонулбай калган. Эски жылдан калган 1.6 т көмүр бар. Жылытуу мезгилине чейин дагы 18 т көмүр берилет. Окуучулардын коопсуздугу үчүн жол чырактары, жол белгилери ар дайым иштеши талапка ылайык болот. Мектептин карамагындагы көмөк чордондун абалы начар. Баткен РЭС текшерүүгө алсын. Мектеп жайгашкан көчөгө жол белгиси, жол чийини орнотулушу керек .
Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектеби
Капиталдык ремонттоодон өтүп жатат. Министрлик оңдоп-түзөө иштери бүткөнгө чейин окутууну онлайн жүргүзүүгө уруксаат берген эмес. Бирок сентябрь айына чейин жумуштун бүтүшү бир топ кыйын. Анткени 10дой гана жумушчу эмгектенип жатат. Аталган мектепте 2040 окуучу билим алат. Онлайн окуу болчу болсо, окуучулардын билим сапатында начарлоо болушу мүмкүн. А 2-сентябрда ачылчу болсо оңдоо иштери толук бүтпөйт. Иштин кечеңдеп жатканына мектеп жеткечилиги өзгөчө кыжаалатчылыгынын билдирет.
Баткен облустук гимназия – жатак мектеби
Мектепти ремонттоо иштери үчүн 229 000 сом акча каражаты каралган. Актап-сырдоо иштери дээрлик аяктаган. Кошумча окуу кааналары жетишпейт. “Гимназиялар жоюлат” деген сөздөрдөн кийин мектептин эмгек жамааты кабатырлыгын билдирет.
Мээрим нуру балдар бакчасы
Социалдык шаарчада жайгашкан50 орундуу бул бакчада 64 бала тарбияланат. Кезек күткөн балдардын саны – 93. Бакчанын ремонту бүткөн. Канализация тутуму жок. Кароолкана жок.
Алтын –Бешик балдар бакчасы
Ремонтоо иштери дээрлик бүткөрүлгөн. Бакчанын имараты капиталдык оңдоого муктаж. Азыркы учурда бакчанын мурунку директору жумуштан кеткендигине байланыштуу директордун милдетин аткаруучу эмгектенип жатат. Бакчанын тосмосунун эскилиги жеткендиктен, жаңылоо зарылдыгы бар.
Ак тилек балдар бакчасы
Аталган бакча Ж. Садыков башталгыч мектебинин имаратында жайгашкан. 61 орундуу балага ылайыкташкан бакчада 68 бала тарбияланат. Кезек күткөндөрдүн саны – 86. Бакчаны ремонтоого 25 000 сом каралган. Ашкананын имараты жок. Ашпозчулар контейнерде тамак даярдашат. Ашкана керек.
Өрүкзар балдар бакчасы
Бул балдар бакчасында 390 бала тарбияланат. Кезек күткөндөрдүн саны – 402. Таза суу жеткиликтүү эмес, сугат суу маселесин чечүү үчүн жерден суу чыгарылган. Эски имарат болгондуктан, терезелер жакшы эмес, электр зымдары эскирген. Эскилиги жетип, кулап калуу коркунучу бар бак-дарактар кыйылган. Бакча капиталдык оңдоого муктаж.
Данектай балдар бакчасы
Бул мекемеде 180 бала тарбияланууда. Бакчаны имараты атайын балдар бакчасы үчүн салынган эмес. Эскилиги жеткен бакчага ӨКМ тарабынан “авариялык абалда” деген бүтүм (заключение) чыгарыш керек. Ремонт үчүн 63830 сом акча каражаты каралган. Бакча электр тогу менен жылытылат.
Байчечекей балдар бакчасы
Бакчанын имараты жаңы курулгандыктан, көп нерсенин зарылчылыгы жок. Ошентсе да бакчанын ишин жакшыртуу үчүн төмөнкүдөй муктаждыктар бар. Жол коопсуздугу үчүн тротуар курулса талапка ылайык болот. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштанды чыгаруучу машиналары жумасына 1 жолу эмес, 2 жолу барса деген өтүнүч бар. 20 т көмүр былтыркыдан калган. Быйылкы окуу жылы үчүн дагы 60 т көмүр түшүрүлөт. 307 бала тарбияланат, министрликтин жаңы долбооруна ылайык 400 бала тартылып калуусу ыктымал.
Быйылкы окуу жылында мурдакы жылдарга салыштырмалуу оңдоп-түзөө үчүн көбүрөөк каражат бөлүнүп, оңдоо жетиштүү деңгээлде жасалган. Ошентсе дагы айрым кемчиликтерди жоюу зарыл. Баткен шаардык мэриясы тарабынан окуучулардын коопсуздугу үчүн жол белгилери, жол чийиндери жаңыланышы керек. Билим берүү мекемелеринин трансформаторлоруна туташтырылган турак үйлөр трансформатордон чыгышы керек. “Алтын –Бешик”, “Өрүкзар” балдар бакчалары, В.И.Ленин орто мектеби капиталдык оңдоого, Кызыл-Жол орто мектеби, Облустук гимназия мектептери, Ак тилек балдар бакчасы жаңы имаратка муктаж. Баткен шаарынын аймагындагы мектеп жашына чейинки балдарды бала бакчага толук тартуу үчүн дагы бир топ бакчалар салынышы керек экенин кезекте тургандардын көптүгү айтып турат. Мектептер үчүн да ушундай эле жагдай мүнөздүү. Жалпылап айтканда, 2023-2024 окуу жылынын күз-кыш айларына карата Баткен шаарындагы мамлекеттик билим берүү мекемелеринин даярдыгына берилген мааламаттарынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагындагы билим берүү жана мектепке чейинки мекемелердин күз-кышка карата даярдыгына берилген маалыматы көңүлгө алынсын.
Баткен шаарынын мэриясына төмөнкүлөр тапшырылсын:
- шаар аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык мекемелерде ичүүчү таза суу үзгүлтүксүз берилүүсү;
- билим берүү мекемелеринин жана мектепке чейинки мекемелердин ажатканаларынын оң абалда кармап туруу үчүн такай чаралар көрүлсүн;
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты, спорт туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык, санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясына /Абдинаби у С/ тапшырылсын
Төрага | А.Аширов |