Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 87
“Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Базарлар дирекциясы муниципалдыкишканасынын кызмат көрсөтүү акыларын бааларынбекитүү жөнүндө” 2024-жылдын 30-январдагы №6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4 -пунктуна жана Баткен шаардык Кеңешинин Бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-январындагы корутундусу, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 21-августагы №01-12/3271 катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Базарлар дирекциясынын мал базарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн акыларына төмөнкүдөй өзгөртүлгөн баалар менен бекитилсин:
- мал базарга алынып кирилип сатылган бодо мал (уй, бука, торпок, топоз) 100 сом
- кой, эчки (козу, улактар) – 50 сом,
-жылкылар -100 сом
-унаа токтоочу жайдагы ар бир унаа үчүн 20 сомдон төлөм жүргүзүлсүн.
- тастыктама (справка) берүү 200 (эки жүз) сом
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайт аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Курбанбековго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |