Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 89
Баткен шаарынын тургуну Бурканов Маманазар Апызовичтин С.Сыдыков көчөсүндөгү 0,575 га жеке менчик жер аянтын муниципалдык менчиктин карамагына алууга жана алмашуу жолу менен М.Салихов көчөсүнөн жер аянтын бөлүп берүүгөмакулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-марттагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мйзамынын 2-главасынын 5-пунктуна, М.Буркановдун жеке кат түрүндөгү макулдугу менен мамлекеттик өнүгүү планына ылайык Баткен шаарынын мэриясынын сунуш катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 21-августагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын С.Сыдыков көчөсүндөгү Бурканов Маманазар Апызовичтин 0,575 га өлчөмүндөгү жеке менчик жер аянтын өзүнүн макулдугу менен “Мамлекеттик ипотекалык компания” аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү курууга Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагына кабыл алынсын.
2. Шаардын өнүгүүсү үчүн муниципалдык менчиктин карамагына кабыл алынган жер аянтына теңештирилген М.Салихов көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы муниципалдык жер аянтынан Бурканов Маманазар Апызовичке алмашуу жолу менен 0,575га жер бөлүп берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |