Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 90
Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы 21,0 га өлчөмүндөгү социалдык курулуштарды куруу үчүн пландалган муниципалдык
жер аянтынын башкы планын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 1,5 –пунктуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 19-августагы №02-6/572 катына жана Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын21-августагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы 21,0га өлчөмүндөгү социалдык курулуштарды куруу үчүн пландалган муниципалдык жер аянтына түзүлгөн эскиздик башкы планын бекитүүгө макулдук берилсин (план тиркелет)
2.Чет-Булак аймагындагы 21,0 га жер аянтын долбоорго ылайык максаттуу пайдалануу жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |