Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 91
Баткен шаарын аралап өткөн Р-6 каналын реконструкциялоо үчүн каналга жана коргоо тилкесине жер аянтын бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 14-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 22-августагы №01-13/3288 катына, Баткен облусунун 2021-2035-жылдарга өнүгүү программасынын жана аны ишке ашыруу боюнча бекитилген жол картасына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын түштүктөн-түндүктү карай аралап жүргөн Р-6 каналын реконструкциялоого 2,04 га, каналды коргоо тилкесине 3,4 га, жалпы 5,44 га жер аянты бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү жер аянтын бөлүп берүү жана юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарнын мэриясына тапшырылсын
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайт аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Курбанбековго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |