Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 92
Баткен шаарынын Базар-Башы аймактык башкармалыгынын Бектемир Баатыр ата көчөсүнүн № 17 дарегинде жайгашкан Мамасалиев Бакытбек Мамасалиевичтин “турак жай багытындагы” жер аянтынын 357,0 м2 бөлүгүн Ц-1”шаардын борборунун бизнес жана коммерциялык иштер” аймагына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 22-июлдагы катынын, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 22-июлдагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Базар-Башы аймактык башкармалыгынын Бектемир Баатыр көчөсүндөгү №17 дарегинде жайгашкан Мамасалиев Бакытбек Мамасалиевичтин 756,2м2 өлчөмүндөгү “турак жай багытындагы” менчик жеринин ичинен 357,0 м2 өлчөмү “шаардын борборунун бизнес жана коммерциялык иштер” аймагынакоторууга макулдук берилсин.
2. Масалиев Б.М жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |