Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 93
“Баткен шаарынын карамагындагы Дөгмөн жайлоосунан 2,47 га жер аянтына Кара-Белес ЖЧКсына көмүр казуу иштерине макулдук берүү жөнүндө” 2023-жылдын 24-августундагы Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын № 65 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктчасы, 34-беренесинин 1-пунктун, 5-пунктчасына, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 24- августагы Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 21-августагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы Токтом кылат:
1. “Баткен шаарынын карамагындагы Дөгмөн жайлоосунан 2,47 га жер аянтына Кара-Белес ЖЧКсына көмүр казуу иштерине макулдук берүү жөнүндө” 2023 - жылдын 24-августундагы Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын № 65 токтомуна толуктоолор киргизилсин:
2. Дөгмөн жайлоосунан Кара-Белес ЖЧКчына автоунаа каттамы үчүн жол салууга 4,5 га жер аянты бөлүнүп берилүүгө макулдук берилсин
2. Жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |