Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2024-жылдын 13-cентябры № 48
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин элементтен элементке жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджеттин элементтен элементке жылдыруу боюнча айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү программасы боюнча бөлүм башчысы Б.Сапарованын баяндамасын угуп карап жана талкуулап Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин ичинде 2024-жылдын III-кварталдын өзгөртүү киргизүү боюнча 3111 элементинен “Имараттар жана курулуштар” 500,0 миң сом, 3112 элементинен “Машиналар жана камсыз кылуулар” 500,0 миң сом, баары болуп 1000,0 миң сомду 2215 элементине “Башкы тейлөө кызматтарын алууга” жылдырууга макулдук берилсин.
3. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тиркемеси: 1 баракта
Төрага: |
Ысаков С.Б. |