Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXXI-сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры № 83
Кара-Булак айыл аймагы менен Суу-Башы айыл аймагын бириктирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана регионду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндөгү” ПЖ № 350 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык жана Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 01-27/ 1245 сандуу катынын жана Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 665 сандуу катын карап чыгып, талкуулап Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл аймагы менен Суу-Башы айыл аймагын бириктирүүгө макулдук берилсин.
2. Бириктирилген айыл өкмөттөрдүн борбору Бужум айылы болуп, мындан ары Суу-Башы айыл аймагы деп атоого макулдук берилсин.
3. Кара-Булак айылдык кеңешинин төрагасына жана Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу жагы тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун көчүрмөсү Баткен районунун мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |