Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу №48
Кара-Коо айылындагы Р.Жангазиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин көмүрканасын бүтүрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын сунушун жана Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Р. Жангазиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин көмүрканасын бүтүрүүгө 199 900 (жүз токсон тогуз миң тогуз жүз) сом акча каражатын бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Аппараттын кызматкерлеринин соц.фондуга 2121 беренесинен үнөмдөлгөн акча каражатынан 199 900 (жүз токсон тогуз миң тогуз жүз) сом мектептердин 2222 беренесине жылдырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева