Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 15-июлу №49
Дөң-Талаа айылындагы “Дѳӊ-Талаа таза суу” ичүүчү сууну керектѳѳчүлѳрдүн айылдык коомдук бирикмесинин ремонттоо иштерине жана калган айылдарга таза суу боюнча көйгөй чыкса акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дөң-Талаа айылындагы “Дѳӊ-Талаа таза суу” ичүүчү сууну керектѳѳчүлѳрдүн айылдык коомдук бирикмесинин таза суу скважинасына насос алууга 150 000 (жүз элүү миӊ) сом акча каражаты каралсын жана калган айылдарга таза суу скважиналарындагы күйүп кеткен насосторду алмаштырууга 350,0 миӊ сом акча каражаты каралсын.
2.ЖКХнын 31121290 беренесине техника алуу үчүн 2024-жылдын 1-январына калган калдыктан каралган 3161,1 миӊ сом акча каражатынан 500,0 миӊ сом акча каражаты ЖКХнын 31122290 беренесине жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага тапшырылсын.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов