Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2024-жылынын 21-июну №1
“Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата жана Бостон айылында болгон селдин кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөөлөргө жардам көрсөтүүгө акча каражатын кароо жөнүндө”
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата жана Бостон айылында болгон селдин кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөөлөргө жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражат ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата жана Бостон айылында болгон селдин кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөөлөргө жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражат ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусу жана сессиянын жүрүшүндөгү депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата жана Бостон айылында болгон селдин кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөөлөргө жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 115 000 (бир жүз он беш миң) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
3.Ажыратылып берилген акча каражатын мыйзамдуу ажыратуу жана аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн адиси Н.Абдышовго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |