Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XII сессиясы

 

 

2023-жылдын 19-апрели № 12/6

 

Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Ылай-Талаа – Шаркыратма, Ылай-Талаа – Жылкол автожолун Кара-Кулжа райондук № 26 ЖТМнин балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү ”Мыйзамынын 1-главасынын 18-беренесинин 1.1-пунктун, 2-главасынын 28-беренесиндеги 1 - “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну берилип жаткан жергиликтүү маанидеги маселелердин аткарылышынын каражаттарын же каржылоо булактарын бир убакта аныктоо жана берүү менен юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүү жөнүндөгү” пунктун жетекчиликке алып Ылай-Талаа айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Ылай-Талаа – Шаркыратма, Ылай-Талаа – Жылкол автожолун Кара-Кулжа райондук № 26 ЖТМнин балансына өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинен суралсын.

2. Тиешелүү документтерди даярдап ишке ашыруу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Жаңыбаев) тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Кадамбаева