Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2024-жылынын 24-июлу №1
“Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Бүргөндү айылында жайгашкан жеке менчик коммерциялык базардын пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча макулдук берүү жөнүндө”
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Бүргөндү айылында жайгашкан жеке менчик коммерциялык базардын пайдалануу багытын айыл чарба мөмө жемиш сактоо кампасына өзгөртүү жөнүндөгү базар ээси А.Акамбаеванын арызын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп бүгүнкү күндө базар иштебей калгандыгын эске алып Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Бүргөндү айылында жайгашкан жеке менчик коммерциялык базардын ээси А.Акамбаеванын арызы жана туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2.Бүргөндү айылында жайгашкан коммерциялык базар бүгүнкү күндө базар катары толук кандуу иштебей калгандыгы эске алынып, базар ээсинин базар жайгашкан жерди айыл чарба мөмө жемиш кампасы катары пайдалануу үчүн коммерциялык базардын пайдалануу багытын айыл чарба мөмө жемиш сактоочу кампа катары өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер боюнча башкы адисине жүктөлсүн.
4.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |