Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 10-августу № 3
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Бакай-Ата айылынын Шапак көчөсүнүн № 2-а дарегиндеги 450м2 (төрт жүз элүү) жер аянтына тереңдиктен таза суу алуучу скважинасын казууга жана курууга макулдук берүү жөнүндө
Бакай-Ата айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Бакай-Ата айылынын Шапак көчөсүнүн № 2-а дарегиндеги 450м2 (төрт жүз элүү) жер аянтына тереңдиктен таза суу алуучу скважинасын казууга жана курууга макулдук берүү жөнүндө маселени карап чыгып,талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 8- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Бакай-Ата айылынын Шапак көчөсүнүн № 2-а дарегиндеги 450м2 (төрт жүз элүү) жер аянтына тереңдиктен таза суу алуучу скважинасын казууга жана курууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага: | К.Атантаев |