Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
2024-жылынын 24-июлу №3
“Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Теңдик айылындагы айылдын маданият үйү үчүн ажыратылган жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча макулдук берүү жөнүндө”
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Теңдик айылындагы Маданият үйү үчүн ажыратылган жер тилкесин зарылчылык келип чыккандыгына байланыштуу 120 орундуу балдар бакчасын Маданият үйүнүн жер тилкесине куруу үчүн пайдалдануу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун кайрылуусу жана туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2.Теңдик айылында жайгашкан маданият үйүнүн жер тилкесинин пайдалануу багыты ошол эле айылдагы балдар бакчасына алмашуу үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер боюнча башкы адисине жүктөлсүн.
4.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |